Автор: Маалыматтык саясат сектору
24 Ноябрь 2025 ж. 17:40
Көрүлдү: 514
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-жылдын 26-27-ноябрында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына жана 30-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу билим берүү уюмдарындагы (бала-бакча, мектеп, лицейлер) окуу процесси боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
2025-жылдын 25-ноябрынан 2-декабрына чейин Бишкек шаарындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдарында окутуу онлайн форматта өтөт.
Ал эми 2025-жылдын 1-декабрында шайлоо тилкелери жайгашкан республикадагы бардык билим берүү уюмдары окутууну онлайн форматта жүргүзөт.
Бул шайлоо участкалары жайгашкан бардык билим берүү уюмдарында санитардык жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.