Автор: Маалыматтык саясат сектору
21 Ноябрь 2025 ж. 16:46
Көрүлдү: 330
Бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз улуттук тарых музейинде “Билим берүү мекемелеринин бүгүнкүсү жана келечеги” аталышындагы “ART DIALOG” иш-чара өттү.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ж.б. катышты.
Эдил Байсалов “Алтын Казык” программасынын алкагында билим берүүнүн методологиясынан тартып, окуу китептерине жана мугалимдерди даярдоо системасына чейин толук жаңыртылганын белгиледи.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө бүгүнкү мезгилдин чакырыктары бизден социалдык ынтымакты чыңдоону талап кылууда деп билдирди.
“Биринчиден, музыка жана искусство — окуучулардын эмоционалдык өнүгүүсүн камсыздап, мектеп чөйрөсүндөгү агрессияны азайтуунун эң ишенимдүү куралдарынын бири. Анткени музыка менен искусствого жакын өспүрүмдөрдүн ички маданияты жогору болуп, агрессия азаят. Экинчиден, билим берүү аркылуу өлкөдө креативдик экономиканы өнүктүрүүгө, туризмди жана чыгармачылыкка таянган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзүшүбүз керек”, - деди министр.
Иш-чаранын катышуучулары билим берүү системасынын азыркы абалын, өнүгүү багыттарын жана маселелерин талкуулап, чыгармачылык билим берүүгө инновациялык ыкмаларды киргизүү жана тармактар аралык кызматташууну кеңейтүүнү сунушташты.
Ошондой эле тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана өнүгүү жолдорун аныктоого багытталган резолюция кабыл алынды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен уюштурулду.