Автор: Маалыматтык саясат сектору
21 Ноябрь 2025 ж. 10:38
Көрүлдү: 256
20-ноябрда, агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева Орусиянын “Знaние” коомунун Аймактык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча башкы директорунун орун басары Георгий Будный жана аталган коомдун Урал федералдык аймагын өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Иван Попп менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда “Знание” коомунун өкүлдөрү уюмдун негизги ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.
Алардын айтымында, коом билим берүү, медиасабаттуулук, балдарды тарбиялоо, кибербууллингден коргонуу, жеке өнүгүү жана командалык иш сыяктуу ар тараптуу темаларда акысыз лекцияларды, мультфильм форматындагы агартуу видеолорун, мастер-класстарды, методикалык материалдарды даярдап келет.
Министрдин орун басары Лира Самыкбаева министрликтин “Санарип кампа” санариптик билим берүү платформасы жөнүндө айтып, ал мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Тараптар алдыда биргеликте иш алып барууну жана мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн эки тараптуу макулдашууга кол коюуну сүйлөшүштү.