Автор: Маалыматтык саясат сектору
20 Ноябрь 2025 ж. 17:14
Көрүлдү: 384
2025-жылдын 19-ноябрында агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Каракол шаарындагы №7 Мендегул уулу Карач аке атындагы мектебинин жогорку класстарынын окуучулары катышкан окуяга байланыштуу жыйынга катышты.
Жыйынга Каракол шаарынын мэриясы, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Альберт Махметкулов аталган мектепте болгон окуя министрдин жеке көзөмөлүндө экенин белгилеп, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу Агартуу министрлигинин негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.
Ошондой эле ал республикада жүргүзүлүп жаткан алдын-алуу иш-чаралары тууралуу маалымат берип, алардын натыйжалуулугун жана камтуусун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйындын катышуучулары профилактикалык иштерди күчөтүүнү, балдардын кошумча билим берүү мекемелериндеги ийримдерге жана спорттук секцияларга катышуусун жогорулатууну, маданий-массалык жана тарбиялык иш-чараларды активдештирүүнү, мектептерде коомдук педагог-психологдордун санын көбөйтүүнү талкуулашты.