Автор: Маалыматтык саясат сектору
20 Ноябрь 2025 ж. 12:49
Көрүлдү: 419
20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Дүйнөлүк балдар күнүнө арналган «Балдар сүйлөйт — 2025» диалогунун алкагында борбордогу №82 жана №96 мектептердин окуучулары менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда окуучулар билим берүү системасынын учурдагы абалы боюнча пикир алышып, өз кыялдары менен бөлүшүштү жана ойлоп табуучулук менен технология тармактарында өнүгүүгө кызыкдар экенин белгилешти. Ошондой эле балдар министрге кызыктырган суроолорун узата алышты.
Министр окуучулардын суроолоруна кеңири жооп берип, билим берүү тармагында жүрүп жаткан ири өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, учурда заманбап окутуу ыкмаларын жана балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган методдорду окуу процессине киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Жолугушуунун соңунда окуучулар министрдин ордуна отуруп көрүп, өздөрүн министрдин ролунда сынап көрүштү. Алар бул ролдун жоопкерчилигин жана маанилүүлүгүн сезгендиктерин, ошондой эле билим берүү тутумун жакшыртууга болгон каалоолорун билдиришти.
Догдуркүл Кендирбаева балдарга активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, окууларында ийгилик каалады. Ал билим гана дүйнөлүк бийиктиктерге жол ачып, жаңы мүмкүнчүлүктөргө алып келерин баса белгиледи.