МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУДА ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Ноябрь 2025 ж. 16:30

Көрүлдү: 519

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева орун басарлары Надира Джусупбекова жана Лира Самыкбаева менен бирге Сингапурдун Marshall Cavendish Education басма үйүнүн директорунун орун басары Джой Тан менен онлайн-жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында министрликтин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча эл аралык тажрыйбаларды изилдеп, аларды жакшыртуу үчүн жүргүзүп жаткан иштери талкууланды.

Ошондой эле педагогдорду даярдоо программаларынын мазмуну жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун эл аралык ыкмалары боюнча пикир алмашылды.

Маалымат үчүн:

Министрлик 2024-жылы Сингапурдун Marshall Cavendish Education басмасынан эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алган.

Натыйжада министрликке караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу жана англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон.

Учурда бул китептер Кыргыз Республикасынын менчиги катары адаптацияланып, өлкөдөгү бардык мектептерге таратылууда.

Мугалимдер бул китептерди колдонуу боюнча атайын окутуулардан өтүштү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар