МИНИСТР ГЕРМАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

18 Ноябрь 2025 ж. 17:26

Көрүлдү: 518

Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, анын ичинде мектеп жана кесиптик билим берүүдөгү учурдагы абалды жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулады.

Министр Элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөнүн 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүү процессинин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Моника Ленхард алдыдагы  демилгелер жана сунуштар боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар