2-КЛАССТАР ҮЧҮН “ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР” ОКУУ КИТЕПТЕРИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

18 Ноябрь 2025 ж. 11:04

Көрүлдү: 459

2025-жылдын 17-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан “Табигый илимдер” окуу-методикалык комплекстерин кабыл алышты.

post.title

Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты. “Табигый илимдер” окуу китептерин басып чыгарууга 73 271 150 сом каражат жумшалды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар