Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Ноябрь 2025 ж. 10:03
Көрүлдү: 234
Пресс-анонс
2025-жылдын 22-23-ноябрында Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын 9-, 10- жана 11-класстардын окуучуларына ыктыярдуу негизде республикалык тестирлөө өткөрүлөт.
Тестирлөөдө окуучуларга үч предметти тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Тестти өткөрүү окуучунун окутуу тилинде (кыргыз же орус тилдеринде) жүргүзүлүп, жалпы убакыт 3 саат 30 мүнөттү түзөт.
Тестирлөөнүн негизги максаттары — окуучулардын жетишкендиктерин көзкарандысыз баалоо, аттестацияга жана экзамендерге даярдоо, мектептеги баалоо ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тесттик материалдар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу.
Тестирлөө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
Күнү: 2025-жылдын 22-23-ноябры
Жери: Бишкек шаары, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Байланыш: Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жетектөөчү адиси Жаркын Ибраимова, +996 706 887 288