Автор: Маалыматтык саясат сектору
17 Ноябрь 2025 ж. 15:55
Көрүлдү: 664
15-ноябрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында 570 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп жана 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча ачылды.
Мектепке кабыл алуу тартиби
Мектепке балдарды кабыл алуу жалпы тартипте жүргүзүлөт.
Бардык каалоочулар түздөн-түз мектепке келип, зарыл документтер менен каттоодон өтө алышат.
Бала бакчага кабыл алуу тартиби
Бала бакчага балдарды кабыл алуу үчүн электрондук каттоо ачылды.
Ата-энелер мектепке чейинки курактагы балдарын https://mektep.edu.gov.kg/ сайт аркылуу каттай алышат. Андан Бишкек шаары → Ленин району → №28 Билим берүү комплексин (Мамлекеттик резиденциясы) тандап, баланы электрондук кезекке койсо болот.