Автор: Маалыматтык саясат сектору
14 Ноябрь 2025 ж. 18:18
Көрүлдү: 334
Бүгүн, 14-ноябрда “Өнүгүүгө чыгармачылык менен” аттуу балдарга кошумча билим берүүнүн мыкты педагогу республикалык кесиптик чеберчилик сынагынын мыктылары аныкталды.
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев катышып, педагогдордун балдардын жан дүйнөсүнө жол табуудагы чыныгы чыгармачылыгын белгиледи:
“Ар бириңиздер балдардын ички дүйнөсүнө жарык чачып, жөндөмдөрүн жана таланттарын ойготуп келесиздер. Сынакта көрсөткөн чеберчилигиңиздер – кесипке болгон сүйүүңүздөрдүн жана балдарга карата чексиз мээримиңиздердин далили”, – деди ал.
Министрдин биринчи орун басары жеңүүчүлөргө “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин, ардак грамота жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.
Сынактын катышуучулары “Өзүн презентациялоо”, “Усулдук кейсти жактоо”, “Көрсөтмө сабак” жана “Педагогикалык таймаш” боюнча 4 этаптан өтүштү.