АГАРТУУ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

13 Ноябрь 2025 ж. 16:44

Көрүлдү: 671

Бүгүн, 2025-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева белгиленген графикке ылайык жарандарды кабыл алды.

post.title

Кабыл алууга келген жарандар мектеп окуучулары менен мугалимдерге байланышкан маселелерди, чет өлкөдө жашаган кыргыздардын арасында “Манас” айтуу боюнча фестивалдарды өткөрүү жана бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү суроолорду көтөрүштү.

Министр ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырма берип, айрым маселелерди жерине барып тактоо үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырды.

Жарандардын кабылдоосу Агартуу министрлигинин коомдук кабылдамасынын +996 (312) 62-05-19 номуру аркылуу алдын ала жазылуу менен жүргүзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар