РОССИЯДАН КЕЛГЕН ОКУУ КИТЕПТЕР МЕКТЕПТЕРГЕ ЖЕТКИРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

12 Ноябрь 2025 ж. 18:00

Көрүлдү: 619

Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргызстандагы Россия Федерациясынын Элчилигинин биринчи катчысы, билим берүү маселелери боюнча атташе Алексей Пойда жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Россия Федерациясынан келген окуу китептери сакталган кампада болушту.

post.title

Жалпы нускасы 651 миң даананы түзгөн бул китептер 12 жылдык билим берүүгө ылайык жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттардын негизинде даярдалган. Министр бул окуу куралдары эки өлкөнүн авторлорунун биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы экенин белгиледи.

1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн даярдалган окуу китептер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси жана Россия Федерациясынын «Просвещение» акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында өлкөгө алынып келинди.

Жакынкы күндөрү бул китептер Кыргызстандын бардык район, шаарларындагы мектептерге толугу менен жеткирилет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар