Автор: Маалыматтык саясат сектору
12 Ноябрь 2025 ж. 11:34
Көрүлдү: 1058
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башкы (башчы) жана улук (башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 12-ноябрынан тартып 2025-жылдын 22-ноябрына чейин ачык конкурс жарыялайт.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:- жеке арызы;
- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
- кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 12-ноябрынан тартып 2025-жылдын 22-ноябрына чейин (21-ноябрь саат 18.00 чейин).
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет № 219 же https://reserve.srs.kg/selection шилтемеси аркылуу документ тапшырууга болот. (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).