КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ОМАР ХАЙЯМ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

10 Ноябрь 2025 ж. 12:55

Көрүлдү: 565

Кыргызстандык окуучулар Омар Хайям атындагы математика жана информатика боюнча Эл аралык олимпиадада 10 медаль, 2 ардак грамота жеңип алды.

post.title

Олимпиада 2025-жылдын 5-9-ноябрында Душанбе шаарында өтүп, ага 8 өлкөдөн 96 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы олимпиаданын жыйынтыгында 10 медаль жеңип, 1-орунду ээледи.

Катышкан өлкөлөрдүн жалпы жыйынтыгы:

  • Кыргызстан — 10 медаль
  • Тажикистан — 8
  • Казакстан — 8
  • Өзбекстан — 7
  • Беларус — 4
  • Түркмөнстан — 2
  • Армения жана Камбоджа — медаль жок 

Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:

Математика (кенже категория, 7–8-класстар)

  • Акимов Ариет, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
  • Саят Арлан, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
  • Жаратов Нурмухаммед, ОК «Маариф» — коло медаль;
  • Турганбеков Артык, СОШ №61 — ардак грамота.

Математика (жогорку категория, 9–11-класстар)

  • Акенеев Тимур, «Газпром Кыргызстан» мектеби — коло медаль;
  • Мусаходжаев Султан, ОК «Маариф» — коло медаль;
    (Тренерлер: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Аманов Айбар, Эльчибек кызы Кундуз)
  • Шакиралиев Адилет, Академия Купуева — ардак грамота;
    (Тренер: Абдураимов Шумкарбек)
  • Сапарбеков Умар, лицей Жайыл Баатыра «Сапат» — катышуу.
    (Тренер: Байбаев Сусарбек)

Информатика (кенже категория, 7–8-класстар)

  • Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектеби — күмүш медаль; (Тренер: Евгений Кичак)
  • Бектен Абдувалиев, International School of Kyrgyzstan — коло медаль;
    (Тренер: Мирбек Бакиров)
  • Айназик Джусупова, Intellect Pro School — катышуу;
  • Ырысбаев Эмир, Intellect Pro School — катышуу.
    (Тренер: Медербек Осмонов)

Информатика (жогорку категория, 9–11-класстар)

  • Рамазан Мананов, Сейтек STEM мектеби — алтын медаль;
  • Али Арапов, Сейтек STEM мектеби — күмүш медаль;
  • Нурислам Карыпжанов, лицей Ч. Айтматова «Сапат» — коло медаль;
    (Тренер: Кылычбек Урайымов)
  • Байыш Минбаев, Академия Купуева — катышуу.
    (Тренер: Абдураимов Шумкабек)

Мындан тышкары, Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, Гран-при —Хайям кубогун,  «Рубайят Хайяма» китебин жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту. 

KhIMIO – бул таланттуу мектеп окуучулары үчүн илимий жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, жаш таланттарга дем берүүгө жана математика жана информатика жаатында эл аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган инновациялык эл аралык олимпиада.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар