Автор: Маалыматтык саясат сектору
7 Ноябрь 2025 ж. 11:25
Көрүлдү: 472
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев журналисттерге алардын кесипкөйлүгү, ыкчамдыгы жана коомчулукту билим берүүнү трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» программасы, анын негизги багыттары - 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо жана билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча маалыматтарды жеткирүүдөгү чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Силер биздин балдарыбыздын келечегин өзгөрткөн реформалар тууралуу коомго ачык жана түшүнүктүү маалымат берүүгө жардам берип жатасыздар. Биз кызматташуубузду жогору баалайбыз жана мындан аркы өнөктөштүккө ишенебиз», — деди М. Баймурзаев.
Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттерге Агартуу министрлигинин ыраазычылык каттары жана ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.