Автор: Маалыматтык саясат сектору
7 Ноябрь 2025 ж. 9:46
Көрүлдү: 442
2025-жылдын 5-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Республикалык компетенттүүлүк борборунда «Жылдын мыкты мектеп ашпозчусу – 2025» республикалык сынагынын финалы өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана КМШ өлкөлөрүнүн окуучуларын тамактандыруу боюнча базалык уюму – «Тармактык тамактануу институту» колдоосу менен уюштурду.
Бул конкурс Агартуу министрлигинин мектеп ашпозчуларынын кесиптик коомчулугун өнүктүрүүгө, билим берүү уюмдарында ысык тамактын сапатын жогорулатууга жана мыкты тажрыйбаларды өлкө боюнча жайылтууга багытталган маанилүү демилгелеринин бири болуп саналат.
Сынактын биринчи этабына өлкөнүн бардык облустарынан жана шаарларынан 417 мектеп ашпозчусу катышты. Региондук комиссиялардын баалоосунун жыйынтыгында кесипкөйлүгү жана чыгармачылык жөндөмү жогору болгон жети финалист тандалып алынды.
Ар бир финалист мектептик менюга сунушталуучу автордук ысык тамак даярдап келди. Тамактар төмөнкү милдеттүү критерийлерге жооп берди:
• бир порциянын наркы 30 сомдон ашпоо;
• жергиликтүү азыктарды колдонуу;
• курамында жашылча же жемиштин болушу.
Финалдык программа үч профессионалдык тапшырманы камтыды: тамакты презентациялоо, санитардык нормаларды билүү жана тамакты практикалык даярдоо. Калыстар тамактын даамын, берилиш формасын, даярдоо технологиясын жана анын окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуулугун негиздөөдө көрсөтүлгөн аргументтерди баалашты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүчө аныкталды:
• I орун – Алтынай Жарматова (Баткен облусу, Алчыбай Торалиев атындагы орто мектеби). Жеңүүчүгө ашкана жабдууларын сатып алууга 50 000 сом сертификат тапшырылды.
• II орун – Сайракан Мамбеталиева (Бишкек шаары, Октябрь району, №64 жалпы билим берүү мектеби).
30 000 сом сертификатына ээ болду.
• III орун – Лунара Саадабекова (Талас облусу, Сагынбек Дүйшөнбиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби).
20 000 сом сертификаты менен сыйланды.
Финалга чыккан башка катышуучулар Агартуу министрлигинин эстелик белектери жана грамоталары менен сыйланышты.
«Мындай сынактар биздин ашпозчулардын талантын ачууга шарт гана түзбөстөн, эң негизгиси балдарыбызды сапаттуу тең салмактуу жана жеткиликтүү ысык тамак менен камсыздоого өбөлгө болот» – деп белгиледи Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматильдеев.
Агартуу министрлиги бул демилгени колдогон өнөктөштөрүнө жана мектептерде ден-соолукту чыңдоочу тамактандыруу маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирет.