ИТАЛИЯНЫН ТУРИН ШААРЫНДА DARYA ДОЛБООРУНУН 4-ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

5 Ноябрь 2025 ж. 11:09

Көрүлдү: 398

2025-жылдын 30-31-октябрында Италиянын Турин шаарында Борбор Азия менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташууга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган DARYA (Dialogue and Action for Resourceful Youth in Central Asia) долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун төртүнчү жыйыны өттү.

post.title

Жыйынга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов жана министрликтин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова, ошондой эле Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын билим берүү жана эмгек министрликтеринин өкүлдөрү, Европа комиссиясынын жана Европанын тышкы аракет кызматынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө DARYA долбоорунун ишке ашырылышынын жыйынтыктары талкууланып, алдыдагы жылдарга карата пландар аныкталды. Ошондой эле катышуучулар Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык өз ара кызматташтыгы алкагында келечектеги өнөктөштүктүн Жол картасын иштеп чыгуу боюнча сунуштарын беришти.

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов жана башкармалыктын башчысы Гульнур Мамырова баяндамада Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишилген оң жыйынтыктар жана квалификациялуу кадрларды даярдоо системасынын учурдагы абалы тууралуу маалымат беришти.

Программанын алкагында катышуучулар Италиянын кесиптик билим берүү боюнча аймактык борбору Apro Formazione жана Ferrero фабрикасына барып, ишканалар менен билим берүү тармагынын өз ара кызматташуу тажрыйбасы менен таанышышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар