Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Ноябрь 2025 ж. 14:08
Көрүлдү: 472
2025-жылдын 4–6-ноябрь күндөрү Доха шаарында (Катар мамлекети) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева социалдык өнүгүү боюнча Экинчи Дүйнөлүк саммитине катышууда.
Саммиттин алкагында Кыргызстан ЮНИСЕФ жана Marshall Cavendish Education уюмдарынын колдоосу менен «Адамдык капиталга инвестициялар: Кыргыз Республикасынын программалары жана мыкты тажрыйбалары» аттуу атайын сессия өткөрдү.
Сессия Кыргызстандагы билим берүү реформаларынын негизги багыттарына арналды: адамдык капиталды өнүктүрүү, адилеттүү жана туруктуу билим берүү системасын калыптандыруу жана жаш муунду заманбап талаптарга жооп берген билим жана эмгек турмушуна даярдоо маселелери талкууланды.
Кыргызстан өлкөдө жүрүп жаткан билим берүү реформалары, анын ичинде этап-этап менен 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле STEM-лабораторияларды түзүү, кыз балдардын билимге тең катышуусун камсыз кылуу, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана кесиптик-техникалык билим берүүнү чыңдоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар көрсөтүлдү.
Кыргызстан белгилегендей, билим берүү системасын трансформациялоо жолу эч бир өлкө үчүн жалгыз өтө турган процесс эмес. Глобалдык чакырыктар жана климаттык коркунучтар шартында эл аралык тилектештик менен өнөктөштүк чечүүчү мааниге ээ.
«Биз ишенебиз: билим берүүгө инвестиция – бул тынчтыкка, туруктуу коомго жана аң-сезимдүү жарандарга салым. Дал билим берүү адамдын өзүнө, башкаларга жана планетага болгон гармониядагы келечекти мүмкүн кылат», - деди Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.