АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

3 Ноябрь 2025 ж. 16:07

Көрүлдү: 700

Бүгүн, 3-ноябрда, Агартуу министрлигинде Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана АӨБнин баштапкы миссиясынын мүчөлөрү катышты.

post.title

Жолугушууда «Көндүмдөрдү өнүктүрүү системасын трансформациялоо программасын» даярдоо маселеси талкууланды. Программанын максаты — кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү, окутуунун сапатын жогорулатуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

АӨБнин өкүлдөрү белгилешкендей, негизги багыттардын бири коопсуздукка жана сейсмотуруктуулукка өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү уюмдарын куруу жана модернизациялоо болот. Ошондой эле программа мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу үчүн шарттарды түзүүнү да камтыйт.

Мындан тышкары, долбоор педагогдор менен өндүрүштүк окутуунун мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу чараларын жана мыкты тажрыйба борборлорун өнүктүрүүнү көздөйт.

Программанын ишке ашырылышы натыйжага негизделген RBL (Results-Based Lending) форматында жүргүзүлөт. Долбоор Агартуу министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар