Автор: Маалыматтык саясат сектору
31 Октябрь 2025 ж. 18:47
Көрүлдү: 560
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 31-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун «Эртеңки күндүн трансформациясы бүгүн: туруктуу келечек үчүн көндүмдөр» аттуу эл аралык диалогуна катышып, баяндама жасады.
Иш-чарада мамлекеттердин Билим берүү министрлери жана эл аралык уюмдар заманбап чакырыктар - санариптик өнүгүү, экологиялык туруктуулук, климаттын өзгөрүшү, социалдык теңсиздик жана кесиптик көндүмдөрдүн тартыштыгы тууралуу талкуулашты.
Өз сөзүндө Догдуркүл Кендирбаева дүйнө мектеп программалары жаңырганга караганда ылдамыраак өзгөрүп жатканын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:
«“Алтын Казык” - бул жасалма интеллект доорундагы биздин жол көрсөтүүчү жылдызыбыз. Биз жаңы муундагы 12 жылдык мектеп системасын түзүп жатабыз - мазмуну жаңыртылган, STEM багыты бекемделген жана soft skills көндүмдөрү системалуу түрдө өнүктүрүлгөн.
Биздин максат - технологияларды кууп жетүү эмес, ар бир балага өз алдынча үйрөнүүгө, дүйнөнү таанууга, ыңгайлашууга жана өмүр бою өнүгүүгө шарт түзгөн куралдарды жана ой жүгүртүүнү берүү. Биз жасалма интеллект менен чогуу иштей ала турган, бирок ошол эле учурда адамдык сапаттарын сактап калган – изденген, жоопкерчиликтүү жана жаратман муунду тарбиялоого умтулабыз».
Катышуучулар жаш муунга туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон билим жана компетенциялар, ошондой эле билим берүү жана кесиптик жетишкендиктерди өз ара таануу багытындагы эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.