КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН МИНИСТРЛЕРИ МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

31 Октябрь 2025 ж. 10:26

Көрүлдү: 512

2025-жылдын 30-октябрында ЮНЕСКОго мүчө өлкөлөрдүн Билим берүү министрлеринин жолугушуусуна карата иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Эзазхон Каримова менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну өнүктүрүүгө, санариптик жана STEM-билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, ошондой эле Өзбекстандагы кыргыз тилинде билим берген мектептерди колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар