МИНИСТР ӨЗБЕКСТАНДАГЫ “МЕКТЕП - 21” ИННОВАЦИЯЛЫК ДОЛБООРУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Октябрь 2025 ж. 18:01

Көрүлдү: 468

2025-жылдын 30-октябрында ЮНЕСКОго мүчө өлкөлөрдүн Билим берүү министрлеринин жолугушуусуна карата иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстан Республикасындагы «Мектеп - 21»  инновациялык билим берүү долбоорунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

post.title

Д. Кендирбаева “Мектеп-21” тажрыйбасы Кыргызстан үчүн билим берүүнү санариптештирүү жана жаштардын келечектеги компетенцияларын өнүктүрүү контекстинде өзгөчө кызыгууну жаратат деп белгиледи.


“Технологиялардын тездик менен өнүгүп жаткан шарттарында окуучуларда сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу маанилүү. “Мектеп - 21” ыкмасы – бул санарип экономикасынын чакырыктарына даяр адистерди кантип даярдоого болорунун мисалы”, – деди министр өз сөзүндө. 


Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Санариптик технологиялар министрлигинин ортосунда IT кадрларды даярдоо жана билим берүү процессин санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматташуу перспективаларын талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар