КЫРГЫЗСТАНДА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ "USTAT" САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПЛАТФОРМАСЫ ИШКЕ КИРДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

28 Октябрь 2025 ж. 15:54

Көрүлдү: 996

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институту мугалимдер менен усулчулар үчүн жаңы санариптик «Ustat» платформасынын ишке киргизилгенин жарыялайт. Платформанын ишке кириши Институттун 80 жылдык мааракесине туш келди.

post.title

Мекеменин  өнүгүүсүндөгү жана билим берүүнүн заманбап санариптик форматына өтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

«Билим берүүнүн санариптешүүсү — бул учурдун талабы гана эмес, билимдин сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө коюлган негизги шарт. “Ustat” платформасы өлкөнүн бардык аймактарындагы ар бир мугалимге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин максат — мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну жеткиликтүү, ачык жана заманбап кылуу», — деп билдирди Институттун директору Алмазбек Токтомаметов.

«Ustat» платформасы тууралуу

Платформа Кыргызстандын Ulut Soft.kg аттуу IT-компаниясы тарабынан Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыгып, билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ustat https://ustat.edu.gov.kg/ билим берүү порталы мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу курстарын ыңгайлуу онлайн-форматта өтүүгө шарт түзөт.

Платформа төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:

● заманбап окуу программалары боюнча онлайн-курстар жана видео-лекциялар;

● практикалык тапшырмалар жана тестирлөө бөлүмдөрү;

● электрондук сертификаттарды автоматтык түрдө түзүү системасы;

● жеке кабинети жана окуу процесси боюнча прогрессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;

● жаңы курстар тууралуу билдирүүлөр;

● окуу материалдарына жана усулдук көрсөтмөлөргө дайыма жеткиликтүүлүк.

Бүгүнкү күндө платформада 9 миңден ашуун мугалим катталган, алар учурда билим алуу процессин баштап, жаңы үлгүдөгү электрондук сертификаттарды алышууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар