Автор: Маалыматтык саясат сектору
27 Октябрь 2025 ж. 18:06
Көрүлдү: 662
Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан математика боюнча окуу-методикалык комплекстерди кабыл алды.
Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты.
Учурда 2-класстар үчүн табигый илимдер боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иштери башталды.