АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТТИКТЕРДИН ИШИ КАЙРА КАРАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

22 Октябрь 2025 ж. 18:13

Көрүлдү: 610

Бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги отуруму өттү.

post.title
Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун жетекчилигинде өткөн отурумда аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар чечимдер кабыл алынды.

Тагыраагы,

  • Казакстан Республикасынын “Борбор Азиядагы билим берүүнү аккредитациялоо ассоциациясынын” аккредитациялык агенттик катары таануу арызы четке кагылды;
  • “Эл баасы” аккредитациялык агенттигинин иши кайра каралып, кемчиликтерди жоюу сунушу менен 6 айга токтотулду;
  • “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агенттигине байланыштуу чечим айрым маселелерди тактоо үчүн бир айга жылдырылды.

Мындан тышкары, төмөнкү үч агенттик өз арыздарынын негизинде таанылган агенттиктердин реестринен чыгарылды:

  • “Рейтингди жана сапатты аккредитациялоо агенттиги” мекемеси;
  • “Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча көз карандысыз агенттик (IQAA)” мамлекеттик эмес мекемеси;
  • “Сапаттуу билим” билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттиги.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар