РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН АЧЫК САБАК

Автор: Маалыматтык саясат сектору

22 Октябрь 2025 ж. 16:42

Көрүлдү: 2909

📅 Датасы: 2025-жылдын 24-октябры 🕓 Убактысы: 8:30 📍Өткөрүлүүчү жай: №100 жалпы билим берүү мектеби, Бишкек шаары

post.title

Бириккен Улуттар Уюмунун (ООН) түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9–11-класстарынын окуучулары үчүн ачык сабактар өтөт.

Тынчтыкты, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуудагы уюмдун ролуна арналган ачык сабактар 24-октябрда 2-сабак катары өткөрүлөт.

Ал эми Бишкек шаарындагы №100 жалпы билим берүү мектебинде өтө турган ачык сабакка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа ж.б. катышат.

Кошумча маалымат:
Жыл сайын 24-октябрь Бириккен Улуттар Уюмунун күнү катары белгиленет. Быйыл Уюмдун түзүлгөнүнө 80 жыл толууда. Бул жылдарда Бириккен Улуттар Уюму өлкөлөр ортосундагы үмүттүн жана кызматташтыктын шам чырагы катары кызмат кылып келет. Уюмдун негизги принциби – бардык жарандар татыктуу шарттарда жашап, өз укуктарынан пайдалана ала турган дүйнөдө бекем тынчтыкты сактоо.

📞Бишкек шаарындагы иш-чарага катышуу жана аккредитация үчүн байланыш: +996 778 153 297 — Нурзат

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар