Автор: Маалыматтык саясат сектору
21 Октябрь 2025 ж. 15:16
Көрүлдү: 629
Кыргызстандык окуучулар Stars of Informatics 2025 эл аралык информатика боюнча олимпиадада командалык эсепте беш медаль жана үч ардак грамотага ээ болушту.
Тагыраагы,
• Алтын медаль – Рамазан Мананов (“Сейтек STEM” мектеби);
• Күмүш медаль – Абдуллахан Абдирасулов (“Сейтек STEM” мектеби);
• Коло медаль – Саид Джаникеев (“Сейтек STEM” мектеби), Ахмад Алахунов (“Кут Билим” окуу-тарбия комплекси), Актан Мавлянов (“Intellect Pro School” мектеби);
• Ардак грамота – Бектен Абдувалиев (“Ош International School”), Эмирхан Сыдыкбаев (“Газпром Кыргызстан” мектеби), Азирет Исраилов (“Intellect Pro school” мектеби).
Олимпиада ушул жылдын 17–19-октябрында онлайн өтүп, ага 11 өлкөдөн 120дан ашуун окуучу катышты.
