Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Октябрь 2025 ж. 21:35
Көрүлдү: 622
2025-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарындагы “Дасмия” этно-борборунда ата-энелер үчүн уюштурулган “5 кадам” фестивалы өтүп, анын алкагында “5 кадам” китебинин бет ачары да болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева жана Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Министр өз сөзүндө ар бир баланын ийгиликтүү өсүп-жетилүүсү үчүн ата-эненин ролу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, мындай иш-чаралар үй-бүлөлүк баарлашууну, түшүнүшүүнү жана бала менен ата-эненин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталганын айтты.
“5 кадам” – бул илимий далилдерге негизделген, ата-эне менен баланын өз ара байланышын чыңдоого жардам берген платформа. Эгерде ата-эне менен байланыш болбосо, баланын тили да, социалдык көндүмдөрү да толук өнүкпөйт. Ошондуктан бала бакчадан тартып коомдоштуруу процессине көңүл буруу керек. Ар бир бала өз оюн эркин айтууга жана ар түрдүү маданияттар менен баарлашууга үйрөнүшү зарыл”, – деди министр Д. Кендирбаева.
Фестивалдын алкагында ата-энелер жана балдар үчүн “Сергек үй-бүлө” жана “Чөйрө/Жамаат” аянтчаларында мастер-класстар, “Эмоционалдык байланыш” жана “Оюндар” ордолорунда интерактивдүү сабактар, ошондой эле адистерден пайдалуу консультациялар уюштурулду.
Белгилей кетсек, фестиваль “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, сынактардын жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер тапшырылды.