“ЖАШЫЛ МУРАС” ЭКОЛОГИЯЛЫК ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

18 Октябрь 2025 ж. 12:26

Көрүлдү: 728

2025-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан “Жашыл мурас” экологиялык акция өткөрүлдү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, жаратылышты сактоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги маанилүү экенин белгиледи:

«“Жашыл мурас” демилгесинин алкагында өлкөбүздүн мектептеринде питомник аянтчалары даярдалган. Биз тоолуу жерде жашагандыктан, ар бир бала өсүмдүктөрдүн пайдалуу жактарын гана окуп койбостон, аларды отургузууну жана кам көрүүнү үйрөнүшү зарыл. “Мурас” дегенде биз кийинки муунга жашыл Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек», — деди министр өз сөзүндө.

Акциянын алкагында Ботаникалык бактын аймагына 300дөн ашык көчөт отургузулуп, мугалимдерге компостерлер тапшырылды.

Экологиялык демилгеге Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, Республикалык борбордун жамааты, ийрим жетекчилери жана окуучулар катышып, жалпы 100гө жакын адам табиятты коргоо ишине өз салымын кошту.

Бул экологиялык акциянын негизги максаты — айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаш муундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттыруу болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар