МИНИСТР ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

17 Октябрь 2025 ж. 12:19

Көрүлдү: 854

2025-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдыгына арналган «Келечек үчүн билим берүү: 12 жылдык мектепке өтүүнүн илимий-практикалык негиздери» аттуу эл аралык конференцияга катышты.

post.title

Иш-чарага Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору, билим берүү тармагындагы адистер жана мугалимдер катышты. Конференциянын алкагында окуу-усулдук көргөзмө уюштурулуп, пленардык жыйындан кийин тематикалык сессиялар уланат.

Министр өз сөзүндө университеттин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, педагогикалык кадрларды даярдоодо окуу жайдын орду өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

«Ош мамлекеттик педагогикалык университети — бул жөн гана жогорку окуу жай эмес, түштүк аймактын руху жана агартуусунун символу. Дээрлик кылымдык тарыхында миңдеген мугалимдер ушул жерде кесиптик жана адамдык калыптануу мектебинен өтүштү. Бүгүн “Алтын Казык — доор өзгөрткөн билим” программасы аркылуу билим берүү системасы жаңыланып, педагогикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу башкы максат болуп калды. Реформанын ийгилиги дал ушул сыяктуу университеттердин ишине түздөн-түз байланыштуу», — деди министр Кендирбаева.

Иш-чаранын жүрүшүндө Д. Кендирбаева Агартуу министрлигинин атынан университет жамаатына Кыргызстандын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бир катар окутуучуларга “Кыргыз билимине 100 жыл” юбилейлик медалы, “Билим берүүнүн мыктысы», «Илимдин мыктысы» төш белгилери жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар