КАРА-СУУДА РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

15 Октябрь 2025 ж. 13:30

Көрүлдү: 484

Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кара-Суу шаарында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

post.title

Аталган имарат 2004-жылы жеке менчикке өтүп кеткен болсо, учурда мамлекеттин менчигине кайтарылып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Буга чейин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери бирдиктүү имараттын жоктугунан ар башка имараттарда иштеп келишкен.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар