Автор: Маалыматтык саясат сектору
15 Октябрь 2025 ж. 10:20
Көрүлдү: 662
2025-жылдын 14-октябрында Бишкек шаарында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору менен А.Слезнев атындагы Алматы хореографиялык окуу жайынын биргелешкен концерти болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, катышуучуларды ийгиликтүү концерт менен куттуктап, маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бийде, өнөрдө жана маданиятта чек жок. Бий аркылуу көрүүчүлөргө позитивдүү эмоция тартууланат”, - деди министр.

130 адамдан турган казакстандык делегацияны окуу жайдын директору Ая Калиева жетектеп келди.
Концертте Кыргызстандын “Шаттык” ансамбли жана Казакстандын окуу жайы классикалык, элдик жана заманбап бий номерлерин тартуулашты. Иш-чара кыргыз-казак маданий достугунун белгиси катары жогорку деңгээлде өттү.