КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ “Э-КҮНДӨЛҮК” САНАРИПТИК СИСТЕМАСЫ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

14 Октябрь 2025 ж. 16:58

Көрүлдү: 646

Бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева №98 кесиптик лицейинде “Э-Күндөлүк” электрондук күндөлүгүн ишке киргизүү процесси менен таанышты.

post.title

Министрдин орун басары лицейлерге “Э-Күндөлүк” программасын киргизүү студенттердин санын так аныктоого, алардын сабакка катышуусун көзөмөлдөөгө жана окутуунун жалпы сапатын талдоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

“Санариптик платформаны пайдалануу мамлекеттик бюджеттен кесиптик лицейлерди өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын пайдалануу натыйжалуулугун ачык-айкын мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди Лира Самыкбаева.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта өлкөнүн башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында “Э-Күндөлүк” санариптик системасын киргизүү боюнча иштер башталган. Электрондук күндөлүк көзөмөлдөө жана кирип-чыгууну тескөө системасы (СКУД) менен бириктирилет. Учурда системанын толук кандуу иштешине зарыл болгон маалыматтар киргизилүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар