Автор: Маалыматтык саясат сектору
13 Октябрь 2025 ж. 11:57
Көрүлдү: 630
2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россиянын Красноярск шаарында 40 өлкөдөн 600дөн ашуун катышуучуну бириктирген Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиаданын финалы болуп өттү.
Кыргыз Республикасын Мамлекеттик башкаруу академиясынын, КУУнун, КМТУнун, БМУнун, КРСУнун, КЭУнун студенттери, ошондой эле биринчи жолу финансылык коопсуздук боюнча Республикалык долбоордун жыйынтыгы боюнча тандалган төрт мектеп окуучусу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандык катышуучулар үч номинация боюнча байгелүү орундарды ээледи:
Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы №1 мектептин окуучусу Руслан Байсалов КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи орунду ээледи жана ноутбук менен сыйланды.
Катышуучулар панелдик талкууларга, мастер-класстарга жана спорттук иш-чараларга катышышты. Алардын даярдыгы Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык жайкы мектептин алкагында жүргүзүлгөн.
Олимпиаданын жыйынтыгында Мадагаскар Республикасынын өкүлдөрү менен финансылык коопсуздук жаатында билим берүү программалары боюнча кызматташуу макулдашылды.