Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Октябрь 2025 ж. 17:23
Көрүлдү: 702
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргызстандын бала бакча, мектеп, кесиптик лицейлериндеги жана жана кошумча билим берүү уюмдарындагы зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо маселелерине арналган улуттук изилдөөнү ишке ашырууда.
Улуттук изилдөөнүн алкагында бүгүн, 10-октябрда, Агартуу министрлигинде тиешелүү тараптардын өкүлдөрү катышкан жыйын өткөрүлдү. Анда билим берүү уюмдарындагы балдардын тарбиясын жөнгө салуу, балдарды коргоо жана зомбулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер, бул багытта мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана коомдук институттардын өз ара кызматташуусу тууралуу маалыматтар берилип, көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Улуттук изилдөөнүн жыйынтыгында бала бакча, мектеп, кесиптик лицейлериндеги жана жана кошумча билим берүү уюмдарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн тарбиясын жөнгө салууга, укук бузуулардын жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга багытталган тиешелүү документ иштелип чыгат.