АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

9 Октябрь 2025 ж. 18:13

Көрүлдү: 689

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы менен биргеликте жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн укуктук маданиятын калыптандыруу чаралары талкууланды. Прокуратура өкүлдөрү азыркы учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүп, билим берүү жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды так сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында 2025-2026-окуу жылына алдын алуу иш пландарын азыркы учурдагы коркунучтарды эске алуу менен жаңылоо, ата-энелер менен өз ара кызматташтыкты күчөтүү, жоопкерчиликтүү жүрүм-турум жана киберкоопсуздук боюнча иш-чараларды өткөрүү, адистерди тартуу жана окуучулардын онлайн активдүүлүгүн көзөмөлдөө аркылуу кибербуллингдин жана деструктивдүү топторго тартылуусун алдын алуу сунушталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар