АГАРТУУ МИНИСТРИ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

9 Октябрь 2025 ж. 16:20

Көрүлдү: 425

Бүгүн, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева белгиленген графикке ылайык 11 жаранды кабыл алды.

post.title

Жарандардын кайрылууларынын мазмунун ооруканада жаткан балдарды окутуу, муктаж болгон шаарларда жаңы бала бакчаларды куруу, окуучуларды башка мектепке же башка класска которуу сыяктуу маселелер түздү.

Д. Кендирбаева ар бир жарандын кайрылуусун угуп, тиешелүүлүгүнө жараша министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнө тапшырмаларды берди.

Эске салсак, министр жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык ар аптада иш күндөрү жарандарды кабыл алышат.

Агартуу министрлигинин коомдук кабылдамасынын телефон номери: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар