Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Октябрь 2025 ж. 15:36
Көрүлдү: 505
Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1-класстары үчүн жаңы муундагы “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” (“Естественные науки – Я и мир”) окуу-методикалык комплекси жарык көрдү.
Аталган окуу-методикалык комплекс (окуу китеби, иш дептери жана методикалык колдонмо) Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 295 880 нускада басылды.
Китептерди басууну каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Азыркы учурда басылып чыккан китептер министрликтин аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Андан ары китептер мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына бөлүштүрүлөт.
Буга чейин маалымдагандай, быйыл Кыргызстандын мектептери 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” (“Естественные науки – Я и мир”) окуу-методикалык комплекстери менен камсыздалат. Алардын жалпы нускасы – 1 236 830.