Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Октябрь 2025 ж. 16:32
Көрүлдү: 644
2025-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «БУУ-Айымдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү доктор Сайед Садик менен жолукту.
Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү системасында эмгектенгендердин 90%га жакынын аял мугалимдер түзөрүн жана кыргыз аялдарынын коомдогу активдүү ролун белгиледи.
“Бүгүнкү күндө билим берүү жана илим тармагындагы эң жогорку көрсөткүчтөр аялдардын үлүшүндө. Президенттик стипендия жана жалпы республикалык тестте “Алтын сертификат” алгандардын көпчүлүгүн дагы кыздар түзөт. Биз кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жаатында күч-аракетибизди бириктирүүгө, билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн улуттук жана маданий өзгөчөлүктөрдү эске алган онлайн курстарды иштеп чыгууга даярбыз”, - деди министр.
Ошондой эле министр Д. Кендирбаева кыздардын, айрыкча айыл жериндеги аялдар үчүн кесиптик лицейлердин базасында санариптик жана каржылык сабаттуулук, ишкердик боюнча кыска мөөнөттүү курстарды биргелешип өнүктүрүүнү сунуштады.
Доктор Сайед Садик 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, министрдин улуттук өнүктүрүү программасы жана маалыматтык материалдарды даярдоо боюнча сунуштарын колдой тургандыгын кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аялдар үчүн кыска мөөнөттүү тренингдерди уюштуруу багытында кызматташуу жөнүндө меморандум даярдап, кол коюуну макулдашышты.