Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Октябрь 2025 ж. 13:20
Көрүлдү: 807
2025-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Япониянын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин жетекчилери, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, Япон-кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Тарутоко Шинжи жана “Gakken Holdings” билим берүү компаниясынын глобалдык бизнес бөлүмүнүн директору Кэнжи Момота катышты.
Жолугушууда япон тарап “Gakken Holdings” компаниясынын STEM багытында окутуу программасын сунуштады. Өз кезегинде министр Д. Кендирбаева балдарды эрте өнүктүрүү, мугалимдерди маалыматтык технологиялар жана робототехника багытында даярдоо жаатында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
“7-класстан тартып STEM багытындагы жабдууларды камсыздоо жана мектеп директорлорунун тажрыйба алмашуусун уюштуруу маанилүү. Эгер тиешелүү программа иштелип чыкса, мугалимдер жаңы технологияларды тез өздөштүрө алышат”, – деди министр.
Тарутоко Шинжи STEM долбоорун пилоттук түрдө бир мектепте баштап, ийгиликтүү жыйынтык болсо, андан ары кеңейтүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жаатындагы кызматташууну бекемдөө максатында биргелешкен жумушчу топ түзүп, пилоттук долбоорду ишке ашыруу чечимине келишти.
Маалымат үчүн айта кетсек, “Gakken Holdings” Японияда билим берүү, медицина жана социалдык тейлөө тармактарында иш алып барган ири компания болуп саналат.