КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЭКОЛОГИЯЛЫК МАРАФОН ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

7 Октябрь 2025 ж. 17:16

Көрүлдү: 729

2025-жылдын 13-24-октябрында Кыргызстандын төрт мектебинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Жашыл ачылыштар марафону” өтөт.

post.title

Быйыл бу майрам “Азык-түлүктүн сапатын жакшыртуу жана бакубат келечек үчүн колмо-кол биргеликте” деген ураандын астында белгиленет.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргелешип уюштурууда.

Эки жуманын ичинде 4-класстардын окуучулары практикалык сабактар аркылуу тамак-аштын “бакчадан табакка чейинки” жолун изилдеп чыгышат: үрөн сээп, өсүмдүктөргө кам көрүп, суунун, жердин жана тамак-аштын баалуулугун түшүнүшөт. Ошондой эле күнүмдүк адаттардын жаратылышка тийгизген таасирин билишет.

Марафондун жыйынтыгында “Бакчадан табакка чейин” аттуу фестиваль өтүп, анда окуучуларды кызыктуу квесттер, мастер-класстар, театрлаштырылган оюн-зоок жана “Жашыл планета” деп аталган жамааттык арт-объектти жаратуу күтөт.

Иш-чара төмөнкү мектептерде өткөрүлөт:

● Е. Кожомкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп (Чүй облусу, Панфилов району)

● Ч. Айтматов атындагы №69 жалпы билим берүүчү орто мектеп (Ош облусу, Кара-Суу району)

● М. Нургазиев атындагы №29 жалпы билим берүүчү орто мектеп (Жалал-Абад облусу, Токтогул району)

● Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп (Талас облусу, Айтматов району)

“Жашыл ачылыштар марафону” балдарга тамак-ашка, сууга жана жерге аяр мамиле жасоонун маанисин түшүндүрүп, экологиялык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумдун пайдубалын түптөйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар