АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ ОКУУ КИТЕПТЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ЖАҢЫЛОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Эл аралык кызматташтык сектору

7 Октябрь 2025 ж. 11:44

Көрүлдү: 311

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрликтин жетекчилигинин жана “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

post.title

Жаңы окуу китептерин жайылтуу жана адаптациялоо, математика жана табигый илимдер боюнча материалдарды басып чыгарууну тездетүү, ошондой эле башка класстар үчүн окуу китептерин даярдоо маселелери талкууланды.

Кыргыз тили, Тарыхжана География предметтери боюнча эксперттерди жана билим берүү мекемелерин тартуу менен авторлордун жана иштеп чыгуучулардын ачык конкурсун жарыялоо чечими кабыл алынды.

Ошондой эле англис тили окуу китептерин лицензиялоо жана Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин ишин оптималдаштыруу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу маселелери каралды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар