Автор: Маалыматтык саясат сектору
5 Октябрь 2025 ж. 12:44
Көрүлдү: 344
КЫМБАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР, УРМАТТУУ АГАРТУУЧУЛАР! Сиздерди Мугалимдердин эл аралык күнү кесиптик майрамы менен куттуктайм!
60 жыл мурда ЮНЕСКОнун чечими менен октябрдын биринчи жумасы мугалимдердин кесиптик майрамы катары белгиленген. Мугалимдерсиз коомдун өнүгүшүн, балдардын тарбиясын, өлкөнүн күчтүү өнүгүшүн элестетүү мүмкүн эмес.
Сиздер балдарды гана тарбиялабастан, ошол эле учурда алардын ата-энелерине да үлгү болуп, бүгүнкү күндүн талаптарына шайкеш өнүгүүнү, заманбап ой жүгүртүүнү үйрөтүп келесиздер.
Бүгүнкү күнү агартуу тармагында эмгектенип жаткан мугалимдер — чыныгы жаратман, кайратман баатырлар деп билем. Бизди бир максат бириктирет — бул билимге данакер болуу. Ар бир мугалим коомдун жана ата-эненин “балам билимдүү болсун” деген үмүтүн актай турган негизги күч экенин унутпоого тийишпиз.
Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен билим берүү системасында терең мазмундук реформаларды баштады. Бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасы жакын арада эле эмес, келечекте кыргыз элинин туруктуу өнүгүшүнө жасалган кадам.
Бул чоң трансформациянын өзөгүндө, анын жүрөгүндө — сиздер, мугалимдер турасыздар.
Ар бир мектепте жылуу психологиялык атмосфера түзүлүшүн, ар бир үй-бүлөдө мугалимге болгон сый-урмат арта беришин каалайм.
Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана жаратмандык каалайм!
Терең урматтоо менен,
КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.