“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Октябрь 2025 ж. 13:30
Көрүлдү: 795
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.
Акчалай сыйлыкка татыктуу болгон жеңүүчүлөр:
- Айгүл Жолдошева – “Жылдын мыкты тарбиячысы”, Бишкек шаарындагы №93 “Адеми” мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Махабат Малабекова – “Жылдын мыкты методисти”, Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Оксана Эркалиева – “Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими”, Бишкек шаарындагы №162 мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Асия Нуркулова – “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси”, Чүй облусундагы “Чат-Көл Колосок” мектепке чейинки билим берүү уюму.
Бөлүшүңүз