КЫРГЫЗСТАН “МУГАЛИМДЕР КҮНҮН” БИШКЕКТЕ МАСШТАБДУУ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА МЕНЕН БЕЛГИЛЕДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

4 Октябрь 2025 ж. 12:12

Көрүлдү: 392

2025-жылдын 4-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чара өлкө жетекчилигинин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, билим берүү системасынын кызматкерлеринин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана педагогдор коомчулугунун башын бириктирди.

post.title

Иш-чаранын башкы каармандары өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдер жана тарбиячылар, директорлор жана завучтар, методисттер болушту.

Өзгөчө орунду билим берүү системасынын жетекчилери жана адистери агартуу министринин орун басарлары, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү, өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларынын ректорлору, институттардын жана департаменттердин директорлору, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын методисттери жана кызматкерлери ээледи.

Аларды куттуктоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, акимдер, шаар мэрлери жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү келишти. Ушундай кеңири чөйрөнүн катышуусу билим берүү маселелери мамлекеттин жана коомдун көңүл борборунда экенин дагы бир жолу ырастап берди.

Майрамдын башкы темасы – мугалимдин Кыргызстандын келечек муунун тарбиялоодогу негизги фигура катары ролун таануу болду. Мамлекеттик ишмерлер сүйлөгөн сөздөрүндө дал ушул мугалим өзгөрүүлөрдүн таянычы жана жетектөөчүсү экенин, билим берүүдөгү масштабдуу реформалардын ийгилиги, анын ичинде 12 жылдык окутууга өтүү, окуу программаларын жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүү мугалимдерге түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгилешти.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, «Мугалим – жөн гана кесип эмес, бул – тагдыр, бул – элге кызмат кылуу миссиясы. Даанышмандар айткандай, мугалимдин эмгеги – мамлекеттин келечегин калыптандырган түбөлүктүү таяныч жана алтын багыт. Мен сиздердин эмгегиңиздердин алдында башымды ийем жана өлкөбүздөгү ар бир мугалимге терең урматымды билдирем».

Сүйлөгөн сөзүндө министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү реформаларын ишке ашырууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди. Ал Президентке жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигине саясий эрки жана колдоосу үчүн, Агартуу министрлигинин коллективине бирдиктүү иши үчүн, педагогдор менен методисттерге кара жанын карч урган эмгеги үчүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөргө активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Айрыкча министр илимпоздордун, жаңы стандарттарды жана окуу китептерин иштеп чыккандардын, мектептер менен бала бакчалардын жетекчилеринин, жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруучулардын салымын белгиледи. Анын айтымында, дал ушул адамдардын аракетинин аркасында 12 жылдык билим берүү киргизилип, окуу программалары жаңыланып, жаңы санариптик куралдар түзүлүп, Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн сапаттуу жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Иш-чара Кыргызстандын жаңы билим берүү моделине өтүү жолу чагылдырылган видеороликти көрсөтүү менен ачылды. Андан кийин көрүүчүлөр улуттук билим берүү системасында жаңы доор башталганын символдоштурган «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» аттуу прологду – театрлаштырылган коюмду көрүштү. Образдар жана көркөм коюм аркылуу 12 жылдык окутууга өтүү жана заманбап стандарттарды киргизүү жөн гана реформа эмес, өлкөнүн жана анын жаш муунунун келечегин аныктаган тарыхый кадам экени көрсөтүлдү.

Иш-чарада педагогдорду даңазалоого өзгөчө көңүл бурулду. «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акчалай сыйлыктарды алышты. Башкы байге – батир – Ысык-Көл облусунун Түп районунан келген кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асановага тапшырылды. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген 30дан ашуун мугалим жана тарбиячы мамлекеттик сыйлыктар, медалдар, Ардак грамоталар жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында билим берүүнү өнүктүрүүгө жана кадрлардын жаңы муунун даярдоого олуттуу салым кошкон бала бакча, мектеп, кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилерин сыйлоо аземи да өттү. Жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууну камсыз кылган, балдардын сапаттуу билим алышына шарт түзгөн шаар мэрлери жана район акимдери Агартуу министрлигинин ыраазычылык каттарын алышты.

Салтанатты концерттик программа коштоду, анда Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик аспаптар оркестри, студенттик ансамблдер, ырчылар жана бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Майрамдын атмосферасы мугалимдик кесипке болгон урматты жана алардын күнүмдүк эмгегинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргызстанда Билим берүү кызматкерлеринин күнү жөн гана кесиптик майрам эмес, өлкөнүн турмушунда педагогдун ролун коомдук таануунун символу болуп калды. Ал билим берүүдөгү реформалар күн сайын балдарга билим берип, аларды эмгекке, маданиятка жана жаратмандыкка тарбиялаган адамдарсыз мүмкүн эместигин дагы бир жолу көрсөттү.

2025-жылы Кыргызстан расмий түрдө 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өттү. 38 предметтик стандарт жаңыланып, жаңы окуу программалары жана окуу китептери даярдалды, 30 миңден ашуун мугалим квалификацияны жогорулатуу курстарынан өттү. Бул кадамдар өлкө жетекчилигинин саясий колдоосу менен педагогдордун, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен иш-аракетинин аркасында жасалды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар