АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ БИЛДИРЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

2 Октябрь 2025 ж. 12:03

Көрүлдү: 700

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2 жалпы билим берүү мектебиндеги окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

7-класстын окуучуларынын ортосунда жаралган түшүнбөстүктү Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия кылдат иликтеп чыгат.

Азыркы учурда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин психологдору окуучулар менен иш алып барышууда. 

Ошондой эле Каракол шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын класстан тышкаркы иштерди уюштуруучуларына, социалдык педагогдоруна түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары жогоруда аталган мектептин директоруна, мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна, социалдык педагогуна Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 88-беренесинин 2-пунктуна ылайык сөгүш берилди.


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар