Д. КЕНДИРБАЕВА КАЗАКСТАНДЫК КЕСИПТЕШИ Ж. СУЛЕЙМЕНОВАНЫ КЫЗМАТ ОРДУ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Сентябрь 2025 ж. 11:34

Көрүлдү: 784

2025-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Казакстан Республикасынын жаңы дайындалган окуу-агартуу министри Жулдыз Сулейменова менен телефон аркылуу сүйлөштү.

post.title

Д. Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана жеке өзүнүн атынан казакстандык кесиптешин жооптуу кызмат орунга дайындалышы менен куттуктады. “Бул дайындоо – сиздин кесипкөйлүгүңүздүн, терең билимиңиздин жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон талашсыз салымыңыздын айкын далили. Сиздин бай тажрыйбаңыз, стратегиялык ой жүгүртүүңүз жана ишке берилгендигиңиз Казакстандын билим берүү системасын мындан ары да чыңдоого, жаш муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга кызмат кыларына ишенем”, – деди министр.

Ошондой эле Д. Кендирбаева Кыргызстан менен Казакстанды билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы көп жылдык жемиштүү кызматташтык байланыштырып турарын баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар