НАРЫНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КАРЖЫЛООНУН ВАУЧЕРДИК МЕХАНИЗМИ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

29 Сентябрь 2025 ж. 18:06

Көрүлдү: 676

2025-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Агартуу министрлигинин демилгеси менен Нарын шаарында мектепке чейинки билим берүү кызматтары каржылоонун ваучердик механизминин мазмуну жана практикалык колдонулушу тууралуу окутулду.

post.title

 

Иш-чарага Нарын облусундагы шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке менчик жана үй тибиндеги бала бакчалардын жетекчилери катышты.

Окутуунун жүрүшүндө Агартуу министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Санариптик билим берүү мекемеси тарабынан катышуучуларга ваучердик механизмдин максаты, каржылоо жол-жобосу, талаптары жана “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык системасына катталуу шарттары кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле бул механизмдин этаптары, күтүлгөн натыйжалар жана ата-энелерге пайдасы боюнча маалымат берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин ортого салышты. Окутуу ачык диалог форматында өтүп, бардык катышуучулар үчүн пайдалуу платформа болуп берди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар