Автор: Маалыматтык саясат сектору
29 Сентябрь 2025 ж. 15:16
Көрүлдү: 762
2025-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биргелешип уюштурган «Иш берүүчү - кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү» деген аталышта тегерек стол өттү.
Иш-чаранын максаты кесиптик билим берүү тутуму менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулоо жана жаш адистерди жумушка орноштуруунун жаңы жолдорун иштеп чыгуу болуп саналат.
Талкууга мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын, бизнес түзүмдөрүнүн, ошондой эле Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Өкмөтүнүн «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун, Helvetas Swiss Intercooperation уюмунун өкүлдөрү катышты.
Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов белгилегендей, бүгүнкү күндө баштапкы кесиптик билим берүү тутумуна республиканын аймагындагы 93 окуу жайы кирет. 2025-2026-окуу жылында контингент 28 миңге жакын окуучуну түзөт, аларга 120дан ашык кесип боюнча билим берилет. Ошондой эле дуалдык билим берүү системасы жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлүүчү квалификациялык экзамендер кеңири киргизилүүдө. Бул өз кезегинде бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.
Тегерек столдо Кыргызстанда жаштардын эмгек рыногу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары (КР Эмгек министрлиги), жаштар үчүн пилоттук стажировка программаларынын анализи, Worldskills Kyrgyzstan аркылуу жумушчу кесиптерди популяризациялоо, инклюзивдүү билим берүү демилгелери, эл аралык кызматташтык жана кесиптик көндүмдөрдү баалоо маселелери боюнча баяндамалар айтылды.
Кесиптик билим берүү системасы менен ийгиликтүү кызматташкан ишканалар «Радуга Плюс» эс алуу борбору, ОсОО «Данатекс», «Инклюзивдүү билим берүү жана жаштарды жумушка орноштуруу», «Балдар үйлөрүнүн балдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга жардам» коомдук фондунун жетекчилери тажрыйбалары менен бөлүштү.
Иш-чаранын катышуучулары иш берүүчүлөрдү билим берүү программаларын жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгууга активдүү тартуу зарылдыгын белгилешти. Бул бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон көндүмдөр менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүү тармагындагы реформалардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.